Бишкек ЖЭБинин директору алмашты

Бишкек ЖЭБинин директору алмашты. Алпбек Садыров өзү жазган арыздын негизинде ээлеген кызматынан бошотулуп, ордуна Нургазы Курманбеков дайындалды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы кабарлады.

 

Нургазы Курманбеков “Электр станциялары” ишканасында иштеген, 2021-2022-жылдары ЖЭБди башкарган.  Алпбек Садыров жылуулук-энерго борборду быйыл январдан бери жетектеп келаткан. Белгилеп кетсек, министрлер кабинетинин чечими менен Бишкек ЖЭБи мэриянын карамагына өттү.