Бишкекте 26 мектеп убактылуу онлайн окутууга өтөт

Бишкекте Жалпы республикалык тестирлөөгө байланыштуу 26 мектеп онлайн окутууга өтөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан кабарлашты.

 

Маалыматка ылайык, 18-20-май күндөрү Ленин районундагы 8 мектеп, Свердлов районундагы 6 мектеп аралыктан окуйт. Ал эми 22-24-майга чейин Биринчи Май районундагы 6 мектеп, Октябрь районунда да 6 мектептин окуучуларына сабактар онлайн болот.

 

Эске салсак, Кыргызстанда 11-класстын окуучуларына ЖРТ үч этапта өтөт.