Бишкекте абанын температурасы кайрадан рекорд койду

Бишкекте кечээ, 27-июлда метеорологиялык байкоолордун бүткүл убактысы боюнча температуралык рекорд жаңыланды.

Синоптиктердин маалыматы боюнча, ордо калаада аба 40 градустан ашык ысыган.

Метеорологдор белгилегендей, бүгүн шаар салыштырмалуу салкын.

Күндүз термометрлер 34 градустан жогору көтөрүлбөйт.

Кечинде күн күркүрөп, бир аз жаан жаашы мүмкүн.

Эртең кайрадан күн ачык болот.

Ал эми дем алыш күндөрү температура 30дан жогору болбойт жана жаан жаап, күн күркүрөшү күтүлүүдө.