Бишкекте бүгүн жылуулук өчүрүлөт.
Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, жылуулук системасынан алгач социалдык объектилер, андан кийин көп кабаттуу үйлөр өчүрүлүп баштайт.
Белгилеп кетсек, адатта Бишкекте аба табы 5 сутка катары менен +8 градустан жогору сакталса, жылуулук сезону токтотулат.