Бишкекте бүгүнтөн тарта көмүрдүн тоннасы 4 миң сомдон сатылат.
Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Кара-Кечеден чыккан көмүрдүн баасы 4 миң сомдон сатылат жана бир адамга 2 тонна гана берилет.
“Кыргызкөмүр” ишканасы тарабынан уюштурулган көмүр жайлар эртең мененки саат 9дан баштап иштейт.
Арзан көмүр саткан жерлердин даректери төмөнкүдөй:
Мурманский көчөсү, 126,
- Айланма жол менен Алма-Ата көчөсүнүн кесилиши;
- Айланма жол менен Киргизская көчөсүнүн кесилиши;
- Достоевский көчөсү, 97.