Бишкекте бир дагы троллейбустук линия болбойт

Бишкекте бир дагы троллейбустук линия болбойт. Бул тууралуу вице-мэр Жамалбек Ырсалиев муниципалдык мүлк, жер суроолору жана архитектура боюнча комиссиянын отурумунда жарыялады.

 

Эске салсак, ордо калаа бийлиги троллейбустарды Ош шаарына өткөрүп берип, алардын ордуна Бишкекте электробустарды кое берүүнү пландап жатат. Аталган транспорт ушул жылы Кытайдан жеткирилет деп күтүлүүдө.

 

Шаар тургундары өз кезегинде буга каршы болуп, троллейбус линияларын калтырууну талап кылган акциялар өткөрүлүп баштады.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.