Бишкекте болгон катуу шамал Айни көчөсүндөгү 5 кабаттуу үйдүн чатырын учурду

Бишкекте болгон катуу шамал Айни көчөсүндөгү 5 кабаттуу үйдүн чатырын учурду.

Мэриянын маалыматына ылайык, жараксыз абалдагы чатырдын аянты 400 чарчы метрди түзөт.

Анын учуп кетишине бекем кадалбаганы себеп болду. Жыйынтыгында 3 унаа жабыр тартты.

Муниципалитеттен эскертишкендей, шамал болгон учурда унааларды жеңил

конструкциялардын, бак-дарактардын алдына токтотпоо сунушталат.