Бишкекте дээрлик үч миң батирлүү ипотекалык үй курула баштады

Бишкекте дээрлик үч миң батирлүү ипотекалык үй курула баштады. Бул тууралуу Мамлекеттик ипотекалык компаниядан билдиришти.

 

Анын жалпы аянты дээрлик 13 гектарды түзөт. Тогуз кабаттан турган 51 блок үйдө 2 миң 990 батир болот.

 

Ошондой эле комлексте мектеп, бала бакча, спорт жана балдар аянтчалары, соода дүкөндөрү, унаа токтоочу жана коомдук тамактануучу жайлар каралган. Үйлөр курулуп бүткөндө “Менин үйүм 2021-2026” турак жай программасынын шарттарына ылайык 15, 25 жылдык мөөнөткө ипотекага берилет.

 

Бүгүнкү күндө өлкө боюнча 12 миңден ашык батирлүү көп кабаттуу турак үйлөр курулууда.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.