Бишкекте митинг-пикеттерди чектеген чечимдин мөөнөтү дагы үч айга узартылды. Биринчи май районунун администрациясы билдиргендей, 30-сентябрга чейин борбордук аянтта жана айрым көчөлөрдө тынч жыйындарды өткөрүүгө болбойт.
Район администрациясынын тиешелүү өтүнүчүн райондук сот 1-июлда канааттандырган.
Ар кандай акция өткөрүүнү каалагандар Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага гана чогулса болот.
Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.