Ашхабадда Айтматовдун эстелиги орнотулду

Түркмөнстандын Ашхабад шаарындагы Махтумкули Фраги маданий-парк комплексинде Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун эстелиги орнотулду.

 

Эстелик колодон жасалган, анын бийиктиги 3,5 метрге жетет, ал эми постамент 2,5 метрге барабар.

 

Парк түзүү идеясы түркмөн элинин улуттук лидери Гурбангулы Бердымухамедге таандык. Анын аймагында чет элдик жазуучулардын 25ке жакын эстелиги орнотулган.