Бишкектен Астанага жаңы автобус каттамы жүрө баштады

Бишкектен Астана шаарына жаңы автобус каттамы жүрө баштады. Бул тууралуу “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

 

55 орундуу автобустар жуманын ар шейшемби күнү күндүзгү саат 12де Бишкектен жөнөп кетет, ал эми Астанадан кайра артка бейшемби күнү чыгат.

 

Билет баасы 2 миң 500 сомду түзөт. Билеттерди beket.kg сайтынан же автобекеттин кассасынан алса болот.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.