Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жыйынтыкталды

Бишкектин Ахунбаев көчөсүнүн бир бөлүгүндө капиталдык оңдоо иштери жыйынтыкталды. Мэриядан билдиришкендей, анын Айтматов проспектисинен Токтоналиев көчөсүнө чейинки тилкеси бүгүн унаа кыймылына ачылат.

 

Аткаруучу компания курулуш иштерин белгиленген мөөнөттөн 10 күнгө эрте аяктады. Белгилеп кетсек, эми капиталдык ремонт Манас поспектисинде, Абдрахманов, Ахунбаев, Горький, Юнусалиев көчөлөрүндө жүргүзүлөт.