Бишкектин мурдагы вице-мэри Сазыкулов тилкат менен эркиндикке чыкты

Бишкектин Биринчи Май райондук соту мурдагы вице-мэр Максат Сазыкуловду эч жакка чыкпоо тууралуу тилкат менен эркиндикке чыгарды. Мындай чечим Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөөчүсүнүн өтүнүчү менен 30-майда кабыл алынганын райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.

Атайын кызмат Максат Сазыкуловду “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген шек менен апрель айында кармаган.

 

УКМК ал шаардын чок ортосунан коммерциялык объект куруу үчүн муниципалдык жер тилкесин кайсы бир ишкерге мыйзамсыз бөлүү тапшырмасын берген деген айып койгон. Ал жердин базар баасы 200 миң доллар деп эсептелген.

 

Андан тышкары 300 чарчы метр жерге коммерциялык объект эч кандай уруксат берүүчү документтери жок курулганы, аны бузууга Максат Сазыкулов тоскоолдук кылып, мыйзамсыз объект буздурулбай калганы айтылган.

 

Сазыкулов буга чейин мэрияда ар кандай кызматтарда иштеп келген. 2021-жылдан 2022-жылга чейин Бишкек мэринин экономикалык маселелер боюнча орун басары болгон. 2023-жылы октябрь айында вице-мэр кызматына дайындалган. Акыркы окуялардан кийин кызматтан алынган.

Анын адвокаттары менен жакындары коюлган айып боюнча комментарий бере элек.