Бизнеске тоскоолдук жараткан чиновниктер 1 миллион сомго чейин айып төлөшү мүмкүн

Бизнеске тоскоолдук жараткан чиновниктер 1 миллион сомго чейин айып төлөшү мүмкүн. Ишкерлердин жана инвесторлордун укуктарын коргоо боюнча бир катар сунуштарды демилгелеген мыйзам долбоору президенттин сайтында коомдук талкууга коюлду.

 

Ага ылайык, жеке ишкерге лицензия берүү, каттоодон баш тартуу, ишине мыйзамсыз кийлигишүү сыяктуу тоскоолдуктарды жасаган кызматкерлер  500 миң сомдон 1 миллион сомго чейин айып төлөйт.

 

Андан тышкары эки жылга чейин кызматка барууга, белгилүү бир иш менен алектенүүгө тыюу салынат. Болбосо эки жылга эркиндигинен ажыратылат. Ушул эле кылмышты атайын топ жасаса,  1 миллион сомдон 2 миллион чейин айып салынат.