Бизнесмендерге “Чакан, кичи жана орто ишкерликти ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында 6,5 миллиард сом берилди

Бизнесмендерге “Чакан, кичи жана орто ишкерликти ыкчам колдоо” долбоорунун алкагында 6,5 миллиард сом берилди. Каржы министрлигинин маалыматына ылайык, каражатты 10 миңге жакын ишкер алды.

 

Долбоордун алкагында 1 миллион сомдон    3 миллионго чейинки каржылык колдоо көрсөтүү каралган. Программа 2027-жылдын июль айына чейин ишке ашып, Кыргызстандын бардык аймагын камтыйт.