Бразилиялык мотоспортчу марага жете электе жеңишти майрамдайм деп алтын байгеге ээ болбой калды

Бразилиялык мотоспортчу марага жете электе жеңишти майрамдайм деп алтын байгеге ээ болбой калды.

Мындай кызык окуя Гояния автодромундагы жарыштын акыркы этабында болду. Андре Вериссимо мара

сызыгына жалгыз чыкты, ал утарына ишенип, ылдамдыгын жайлатып, тик туруп, колун рулдан алып,

бийик көтөрүп мактанды. Аңгыча арттагы күү менен келе жаткан эки атаандашы жакындап

маарадан өтүп кетишти. Мунун менен Вериссимо 3-орунда калды.