БШК Ленин бир мандатуу шайлоо округу боюнча добуш берүүчүлөрдүн акыркы тизмесин жарыялады. Шайлоого катышууга укуктуу жарандардын аты-жөнү “Тизме” мамлекеттик порталында жеткиликтүү. Ага жалпысынан 124 миң адам кирди.
Ленин округу боюнча 51 участок ачылат. Эске салсак, аталган район боюнча Жогорку Кеңеш депутатын шайлоо келе жаткан жекшемби, 28-майда өтөт.
Тилкеден тышкаркы добуш берүү эртең уюштурулат.