Бул жумада Европа чемпионатынын жарым финалдык бөлүгү өтөт

Бул жумада Европа чемпионатынын жарым финалдык бөлүгү өтөт.

 

Жарым финалдык жупта Италия – Испания, Дания – Англия курамалары беттешет. Оюндар 6-7-июлда Лондондо Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 1де башталат.

 

Жеңишке жеткен курамалар 11-июлда финалда жолугуп, турнирдин чемпиону аныкталат. Эске салсам, буга чейинки чемпион Португалия курамасы болчу, бул жолу португалиялыктар плей-офф турнирден чыга албай, үйүнө жөнөдү.