Чүй облусунда Ысык-Ата-1 кичи ГЭСи ишке кирди. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, объекттин кубаттуулугу 2 мегаватты түзөт.
Өкмөт башчы Акылбек Жапаровдун айтымында, кичи ГЭС мамлекеттин жана жеке сектордун кызматташтыгы менен курулду.
Анын ишке кириши менен аймактагы электр энергиясын берүү жакшырат деп күтүлүүдө.