Чүйдөгү “Жунда” заводун модернизациялоого 160 млн доллар жумшалат

Чүйдөгү “Жунда” заводун модернизациялоого 160 млн доллар жумшалат. Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктен маалым болгондой, каражатты инвестор берет.

 

Акча бензин, дизель жана суюлтулган газ өндүрүүчү мунайды кайра иштетүүчү заводду капиталдык оңдоо жана модернизациялоо долбоорун ишке ашырууга багытталат. Анын алкагында ишкананын техникалык абалы жакшырып, бул анын өндүрүмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатууга жардам берет деп күтүлүүдө.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.