Чек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга 1-июндан тартып акысыз курс жана вебинарлар өтүлөт

Чек арадагы куралдуу кагылыштан жабыркагандарга 1-июндан тартып акысыз курс жана вебинарлар өтүлөт.

“Баткенге жардам” долбоорунун алкагында ушул шейшембиде Онлайн университет ишин баштайт.

Иш-чараны уюштуруучулардын айтымында, вебинарлар жарандарды жаңжалдан кийинки нормалдуу

жашоого кайтарууга, мындан аркы чыр-чатактын алдын алууга, жарандык коргонуунун ыкмаларын үйрөтөт.

Андан тышкары, балдардын чек ара көйгөйлөрүнө көз карашы, бала тарбиялоо маданияты, юридикалык,

каржылык, сабаттуулук жана башка тематикадагы сабактар, аны менен катар англис жана

түрк тилдерин үйрөтүүчү курстар өтүлөт. Иштерге кесипкөй адистер тартылат.