Дүйнөнүн эң бай адамы эми бойдок

Дүйнөнүн эң бай адамы эми бойдок. «Microsoft» компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс 27 жылдан бери түтүн булатып келген жубайы Мелинда менен ажырашуу чечимин кабыл алды.

 

Түгөйлөрдүн бирге иштеткен бизнестери бар болгондуктан, алар кызматташуусун уланта берет. Белгилеп кетсек, Билл Гейтс дүйнө жүзүндөгү эң бай беш адамдын бири, анын үй-бүлөсүнүн байлыгы 130 миллиард долларга жетет.