ЕАЭБдин бирдиктүү реестрине 41 ишкана киргизилди

Быйыл беш айда Евразиялык экономикалык биримдиктин бирдиктүү реестрине 41 ишкана киргизилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, ЕАЭБдин бирдиктүү реестринде жалпы 395 ишкана катталган. Алар:

сүт азыктарын өндүрүү — 44;

бал өндүрүү жана сатуу — 67;

балык өстүрүү, кайра иштетүү — 44;

эт азыктарын өндүрүү — 21;

улуттук сүт азыктарын өндүрүү — 3;

мал союучу ишканалар — 11;

мал багуу, көбөйтүү жана сатуу — 35;

канаттуулардын продукциясын кайра иштетүүчү ишканалар —10;

тоют өндүрүү — 23;

жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу — 122;

жаныбарлардан алынган сырьелорду кайра иштетүү (ичеги, жүн, тери) — 13;

ветеринардык препараттарды сактоо жана сатуу — 1.

Мындан тышкары, Кытайдын реестрине — 24 ишкана (13 сүт азыктары, 11 аарычылык), Өзбекстандыкында — 42 ишкана (17 сүт азыктары, 8 эт азыктары, 10 аарычылык, 7 балык азыктары) жана Түркияныкында 12 ишкана кирген.