Европада дагы рекорддук көрсөткүчтө ысык температура катталды

Европада дагы рекорддук көрсөткүчтө ысык температура катталды.

SIAS агенттигинин маалыматы боюнча, Сицилиянын түштүк-чыгышындагы

Сиракуза провинциясында абанын температурасы 48,8 градуска жетти.

Бул Италия үчүн эле эмес, бүтүндөй Европа үчүн рекорд дегенди билдирет.

Эгерде бул сан тастыкталса, анда европа континентинде буга чейин катталган

эң жогорку температура болот. Бул, Афинада 44 жыл мурда

10-июлда катталган 48 градустан ашып өтөт.