Германия Европа чемпионатынын плей-офф бөлүгүнө чыккан биринчи курама болду

Германия Европа чемпионатынын плей-офф бөлүгүнө чыккан биринчи курама болду. Кечээ “немис машинасы” Венгрия курамасын 2:0 эсебинде утуп алды. Голдорду Джамал Мусиала жана команда капитаны Илкай Гюндоган киргизди.

 

Өз кезегинде Венгрия курамасы экинчи ирет катары менен жеңилүү ызасын тартып, турнирдик таблицада акыркы орунда турат.

 

Жыйынтыктоочу турда 23-июнда ал Шотландия курамасы менен беттешет, Германия кайрадан Швейцария менен ойнойт.