Ички иштер министрлиги 28-июнда кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштейт

Ички иштер министрлиги 28-июнда кызматтын күчөтүлгөн тартибинде иштейт. Бул күнү өлкө мектептеринде бүтүрүүчүлөргө аттестаттар тапшырылат.

 

Бишкектин ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, бардык райондордо коомдук тартипти сактоо боюнча атайын пландар иштелип чыгып, мектептерге милиция кызматкери бекитилди.

 

Ал эми жол инспекторлору тарабынан жолдордо бүтүрүүчүлөрдүн катышуусу менен авариялардын алдын алуу иш-чаралары жүргүзүлөт.