Интернетте Европа чемпионатынын жарым чейрек финалынын мыкты голдору жарыяланды

Интернетте Европа чемпионатынын жарым чейрек финалынын мыкты голдору жарыяланды. Видео УЕФАнын инстаграм баракчасында жеткиликтүү. Бирикме 4 голду тартуулап, күйөрмандарга мыктысын тандоону сунуштады.

 

Алар француз чабуулчусу Карим Бенземанын Швейцария курамасынын дарбазасына таамай тепкен голу, Хорватия менен жолугушууда ишке ашкан Испаниянын форварды Альваро Моратонун тобу, Поль Погбанын Швейцарияга киргизген голу жана Бельгия-Португалия оюнундагы Торган Азардын голу.

 

Эске салсак, Евро-2020 11-июлда жыйынтыкталат.