Ирандан чыга албай калган кыргызстандык айдоочулардын бардыгы
Иран-Азербайжан чек арасына багыт алышты. Тышкы иштер министрлигинен
билдиришкендей, айдоочулар транзиттик-бажы документтерин толтурушту.
Эки өлкөнүн ведомстволору сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, айдоочулардын
визасын бекер узартуу жана мөөнөтү бүтүп калган визага айып төлөбөө
боюнча макулдашылды. Буга чейин, алыска жүк ташыган айдоочулар
Иран 29-февралда чек арасын жапкандыктан чыга албай калышкан.
Бул үчүн Кыргызстан 3 өлкөгө нота тапшырган,
андан Түркмөнстан баш тартканы маалым.