Иштеп жаткан сыналгы түнкү уйкуга тоскоолдук кылат

Иштеп жаткан сыналгы түнкү уйкуга тоскоолдук кылат.

 

Окумуштуулардын айтымында, адам уктап жатканда анын мээси ар кандай коркунучтарды алдын алуу үчүн бөтөн добуштарды тыңшап турат. Атайын жүргүзүлгөн изилдөөгө ылайык, телевизор иштеп турганда уктаган кишинин мээси андан чыккан үндөрдү улам тыңшай берип, жакшы эс албай калат. Тагыраагы, мээ дайыма активдүү иштеп, коркунуч жаралса организмди тезирээк ойготоюн деп даярдап турат.

 

Мындан улам адистер тынч бөлмөдө уктоону сунуштайт.