Японияда коронавирустун кесепетинен 16,7 миңден ашык адам жумушсуз калды.
Бул тууралуу РИА Новости билдирди.
Маалыматка ылайык, январдын аягынан 29-майга чейин мейманкана тармагында
иштеген 3 миң 700 адам жумуштан кол жууса, туристтик автобустарды башкарган
компанияларда эмгектенген 2 миң 287 киши үйдө отуруп калган.
Ал эми өндүрүш тармагында 2 миң 122 адам кызматтан четтетилген.