Японияда супермаркеттердин биринде “өтө жай иштеген касса” пайда болду

Японияда супермаркеттердин биринде “өтө жай иштеген касса” пайда болду. Ал эч жакка шашпаган адамдар үчүн ачыды. Кассада кайтарып берген акчаны узакка санаса болот, кассирге тажатма суроолорду дагы берсе болот.

 

Бул учурда сатуучу дагы, кезекте тургандар дагы нааразылыгын көрсөтпөшү керек. Кызыгы, мындай жаңычылдык кардарларга жагып, супермаркеттин сатуу көрсөткүчү 10 пайызга жогорулаганы аныкталды.