Эйфель мунарасы алтын түскө боёлот

Эйфель мунарасы алтын түскө боёлот.

Мындай чечим 2024-жылы Парижде өтө турган Олимпиада оюндарына даярдануу иштерине

байланыштуу кабыл алынды. Франциядагы ири мунара алгач 53 жыл мурда күрөң түстөн алтын түскө сырдалган.

Аны жаңыртууга 60 тонна боёк керектелет, буга 50 миллион евро сарпталат. Жаңыртуу иштерин кийинки жылга

чейин бүтүрүү пландалууда. Андан кийин анын жанындагы эс алуу багы калыбына келтирилет. Кошумчаласак,

Эйфель мунарасы 18 миң металлдан турат. Аны 7 жылда бир абадагы зыяндуу заттардан коргоп туруу үчүн боёп турушат