Эки округ боюнча кайра шайлоого добуш берүүчүлөрдүн тизмеси 5-январга чейин жарыяланат

Эки округ боюнча кайра шайлоого добуш берүүчүлөрдүн тизмеси 5-январга чейин жарыяланат. БШКнын маалыматына ылайык, ал “Тизме” мамлекеттик порталында жайгаштырылат. Ал эми 11-январга чейин добуш берүүгө укуктуулардын аты-жөнү тиешелүү шайлоо округдарында илинет.

 

Жарандар алардан өздөрүн 11-январдан 16-февралга чейин текшере алат.

 

Эске салсак, Жогорку Кеңеш депутаттарын кайра шалйоо Биринчи май жана Свердлов райондорунда 27-февралда өтөт. 28-ноябрда өткөн добуш берүүдө бул эки округда “Баарына каршы” графасы алдыга чыгып кеткен.