Эми мектеп китептерин «Учкун» ишканасы басып чыгарат

Эми мектеп китептерин «Учкун» ишканасы басып чыгарат.

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жалпы билим берүү уюмдары үчүн окуу китептерин даярдоо менен байланышкан сатып алууларды жүзөгө ашыруу тартибин бекитти. Документке ылайык, «Учкун» ачык акционердик коомуна Кыргызстандын окуу китептерин басууга укук берилди.

 

Ал эми Билим берүү министрлигине өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү тапшырылды.