Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чектөөлөр уланат

Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу чектөөлөр уланат.

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей,

бүгүн республикалык штаб той жана үйлөнүү-үлпөттөрдү өткөрүүгө тыюу салуу чечимин карайт.

Андан кийин, расмий маалымат берилет. Эске салсак, буга чейин коронавируска кабылгандардын

саны көбөйүп жаткандыктан Бишкектеги коомдук унааларда санитардык нормалар күчөтүлдү.

Соода борборлорундагы балдар ойноочу аянттар эртеңден тартып жабылат.