Эртең Ош шаарында жалпы ишембилик өтөт.
Бул тууралуу жергиликтүү мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Ишембиликке мекеме-уюмдардын жана кызматтардын, муниципалдык аймактык башкармалыктардын эмгек жамааттары, шаар тургундары катышат.
Иш-чаранын алкагында мекеме-ишканаларга тийиштүү аймактар бекитилип берилген.
Ош шаардык мэриясы жарандарды ишембиликке активдүү катышууга чакырат.