Юридикалык жактар салык декларациясын бүгүн жана эртең тапшырып калууга жетишиши керек. Мамлекеттик салык кызматынан эске салышкандай, былтыркы жылдын кирешеси тууралуу отчетту кабыл алуу 1-мартта токтотулат.
Декларация түнкү саат 12ге чейин кабыл алынууда. Жетишпей калгандарга 1 минден 5 миң сомго чейин айып салынат.