Кабул аэропорту ишин уланта баштады

Афганистандын борбору Кабулдун аэропорту бүгүн 17-августта кайра иштей баштады.

 

Бул тууралуу АКШнын Коргоо министрлиги билдирип, 16-августта конуп-учуу тилкесинде коопсуздук эрежелери бузулганына байланыштуу эвакуациялоо иштери убактылуу токтотулганын белгиледи.

 

Өлкөдөн чыгып кетүүнү каалаган миңдеген адамдар Кабулдун аэропортуна топтолгону АКШнын аскерл

ерин жана эл аралык күчтөрдү аэродромду тазалоо үчүн рейстерди токтотууга мажбур кылганы, 16-августтагы башаламандык учурунда кеминде жети адамдын өмүрү кыйылганы айтылды.

 

Президенти Ашраф Гани сыртка чыгып кеткенден кийин 15-августта бул өлкөдө бийлик кулаган жана Кабул “Талибан” кыймылынын карамагына өткөн. АКШ жана башка чек өлкөлөр өз жарандарын жана талибдер коркунуч жараткан ооганстандыктарды эвакуациялоо аракетин улантууда.

 

АКШ президенти Жо Байден жакынкы күндөрү Афганистан миңдеген адамдар чыгарылып кетерин 16-августта билдирди.

 

Азыр Афганистан Кыргызстандын жыйырма чакты жараны бар. Алар 21-августта учуп чыгарын, баары менен байланыш бар экенин “Азаттыкка” элчи Мирослав Ниязов билдирген.