Кара-Кулжада селге агып кеткен төртүнчү адамдын сөөгү табылды

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда машине менен чогуу селге агып кеткен төртүнчү адамдын сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

 

30-июнь күнү Кара-Кулжанын Карагуз айыл аймагында катуу жамгыр жаап автоунааны сел агызып кеткен. Анын ичинде селге агып кеткен үч кишинин сөөгү дароо табылып, бирөө изделип жаткан.

 

Унаада жалпысынан 5 киши болгон. Бир адам ооруканада дарыланууда.