Кийинки айда кыргызстандыктарда кошумча эс алуу болот

Кийинки айда кыргызстандыктарда кошумча эс алуу болот. 20- же 21-июлда өлкөдө курман айт белгиленет, — деп билдиришти Мусулмандардын дин башкармалыгынан.

 

Андан такташкандай, майрамдын так күнү 1 жума калганда айдын чыгышына карап жарыяланат. Эске салсак, Курман айт орозо айы аяктагандан 70 күндөн кийин белгиленет.