Кийинки жылдан баштап Казакстанда жаш балдар акысыз учат.
Тагыраагы, 2022-жылдын 1-январынан тартып Kids go free программасы иштеп баштайт,
ага ылайык 2 жаштан 14 жашка чейинки балдарга акысыз кызмат көрсөтүлөт.
Алсак, бир ата-эне же тууганы экиден ашык эмес баланы ала алат жана барган
жеринде беш күндөн кем эмес жашаса болот. Белгилеп кетсек,
бул программа 10 багытка гана билеттерди камтыйт.