Өкмөт кийинки жылга бюджеттеги чыгашаларды кыскартууну караштырып жатат. Премьер-министр Кубатбек Бороновдун айтымында, 2020-жылы киреше күтулгөндөй болгон жок.
Мунун айынан бюджет дефицити 7 миллиард сомго чейин жетиши мүмкүн.
Андыктан, каражат эң зарыл иш-чараларга гана багытталат. Анын ичинде коммерциялык банктарга пайыздары субсидиялоо, аймактарды өнүктүрүү, санариптештирүү, мамлекеттик ипотека жана капиталдык салымдар бар. Тез арада каржылоону талап кылбаган долбоорлор убактылуу токтотулат.