Криштиану Роналду “Манчестер Юнайтедден” кетет

Криштиану Роналду “Манчестер Юнайтедден” кетет. Бул тууралуу клуб жарыялады. Эки тараптын макулдашуусу менен келишим жокко чыгарылды. Роналду өткөн жумада Пирс Морганга интервью берип, клубдун жетекчилигин жана башкы машыктыруучу Эрик тен Хагды сынга алган.

 

Эске салсак,  Криштиану Роналду  2003-2009-жылдары “Манчестер Юнайтедде” ойноп, 2021-жылы кайра кайтып келген. Футболчу өзү учурда Португалия курамасы менен Катарда өтүп жаткан дүйнө чемпионатына катышууда.