Кумтөрдүн алтынынын сатылышын иликтей турган депутаттык комиссия түзүлдү

Жогорку Кеңеште Кыргызстандан 19 тонна алтындын чыгарылышын иликтей турган убактылуу комиссия түзүлдү.

Парламенттен такташкандай, анын курамына 13 депутат кирди.

Комиссия алдыда жыйын өткөрүп, төрага шайлайт.

Эске салсак,  “Азаттыкта” Кыргызстан 19 тонна алтынды белгисиз өлкөгө сатканы тууралуу материал жарыяланган.

Анда өткөн жылы казылган алтындын 70 пайыздан ашыгы кайсы мамлекетке экспорттолгону дайынсыз экендиги жазылган.