Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын ректорун шайлоо токтотулду.
Тиешелүү буйрукка билим берүү министрлигинин статс — катчысы Калысбек Шадыканов кол койду.
Окуу жайдын басма сөз кызматынан билдиришкендей, добуш берүүнүн мөөнөтү кошумча айтылат.
Эске салсак, ректорду шайлоо 29-майда өтмөк. Ага 4 талапкер ат салышып жаткан.