Кыргыз тили боюнча милдеттүү тестти 50 миң 560 абитуриент тапшырды

Кыргыз тили боюнча милдеттүү тестти 50 миң 560 абитуриент тапшырды. Бул тууралуу 24 агенттигине Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунан билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, тапшыргандардын 14 миң 860 же, 29,5 пайызы мамлекеттик тилди жогорку деңгээлде биле турганы аныкталды. 24 миң   370 абитуриент ортодон жогорку деңгээлде, 10 миң 200 абитуриент орто деңгээлде жана 1 миң 120 абитуриент кыргыз тилин ортодон төмөн деңгээлде билет.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.