Кыргызча билбегендер судья боло албайт

Кыргызча билбегендер судья боло албайт. Жогорку Кеңеште “Судьялардын статусу жөнүндө” конституциялык мыйзамга ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү колдоо тапты. Добуш берүүнүн жыйынтыгында 76 эл өкүлү аталган мыйзам долбооруна “макул” деп добуш берген.

 

Сунушталган өзгөртүүлөргө ылайык, судья болууга каалаган талапкерлер кыргыз тилин милдеттүү түрдө В1 деңгээлинде билиши керек.

 

Ал үчүн “Кыргыз тесттин” сынагынан өтүп, мамлекеттик тилди жетиштүү деңгээлде билерин тастыктаган сертификатты алышы шарт. Андан тышкары, мыйзам долбоорунда жакын туугандары уюшкан кылмыштуу топтордун мүчөсү болсо, оор же өзгөчө оор кылмыштар үчүн соттолсо судья боло албай турганы жазылган.

 

Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.