Кыргызстан үч аэропорттун ишин жакшыртуу үчүн сырттан 15 млн доллар алат

Кыргызстан “Манас”, “Ош” жана “Ысык-Көл” аэропортторунун ишин жакшыртуу үчүн сырттан 15 миллион доллар алат. Бул тууралуу “Акчабар” порталы Жарандык авиация агенттигинин директорунун милдетин аткаруучу Данияр Бостоновго шилтеме берүү менен билдирди.

 

Анын айтымында, акчаны Япония берет. Анын алкагында Ош шаарында жаңы аэронавигациялык мунара курулуп, үч аэропорттун тең аба кыймылын башкаруучу жабдуулар жаңыланат.

 

Долбоор келерки жылдын апрель айынан баштап эки жылдын ичинде ишке ашырылат.