Кыргызстан дүйнөдөгү суук 10 өлкөнүн катарына кирди

Кыргызстан дүйнөдөгү суук 10 өлкөнүн катарына кирип, рейтингде тогузунчу орунду ээледи. Республика боюнча орточо жылдык температура 3,9 градусту түздү.

 

Бул маалымат Дүйнөлүк банктын 2022-жылдагы орточо температурага негизделген отчетунан алынды. Ага ылайык, Африкадагы Буркина-Фасо эң ысык өлкө катары таанылган, анда орточо жылдык температура 29 °Cден бир аз жогору. Шкаланын экинчи четинде минус 18,6°С көрсөткүчү менен Американын Гренландиясы турат.