Кыргызстанда 100 үй бүлөгө 110 телевизор туура келет

Кыргызстанда 100 үй бүлөгө 110 телевизор туура келет.

Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына ылайык, 2021-жылы 100 үй-бүлөгө орто эсеп менен 98 муздаткыч, 86 кир жуугуч машине, 10 магнитофон жана 42 чаң соргуч туура келген. Ошондой эле, орточо эсеп менен ар бир үй-бүлөдө экиден уюлдук телефон жана ар бир үчүнчүсүндө жеңил унаа болгон.

Мекемеден белгилешкендей, жарандардын узакка пайдаланылуучу товарлар менен камсыз болушу үй чарбасынын жыргалчылыгынын деңгээлин жана анын акчалай кирешесин кыйыр чагылдырат.